Баткен облусунун 10 айылы өткөн жылы таза суу менен камсыздалды. Бул тууралуу өкмөттүн аймактагы өкүлчүгүнөн билдиришти. Андан белгилешкендей, бул максатта 22 миллион сом багытталды. Каражаттын көбү – эл аралык уюмдардын жана фонддордун инвестициялары.
Ошондой эле, акча жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, өз салымын жергиликтүү тургундар дагы кошту.