Калкка электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салынды деген маалымат чындыкка дал келбейт

Калкка электр жылыткычтарын колдонууга тыюу салынды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Улуттук энерго холдингден жарыялашты. Анын маалыматына ылайык, электр энергиясын колдонуу режимин бузган керектөөчүлөрдүн электр менен суу жылыткан казандары өчүрүлдү.

 

Ал эми жылытуучу шаймандар тууралуу айта турган болсок, алар катардагы керектөөчүлөрдүн эмес, коммерциялык абоненттерде пломбаланды.

 

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда Кадамжай районунун тургундарында электр жылыткычтарга пломба коюлду деген маалымат пайда болгон.