Калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок

Калкты жана бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылууда көйгөй жок.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңеште билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкек жылуулук электр борборунда 250 миң тонна көмүр жана 4 миң тоннадан ашык мазут бар.

Чиновник кошумчалагандай, соңку жылдары өлкөдө көмүр өндүрүү өсүп жатат.

Алсак, өткөн жылдары жылына 1,5 миллион тоннага чейин көмүр казылып алынса, быйыл 3,5 миллион тоннага чейин кара отун казуу пландалууда, — деди Акылбек Жапаров.