Бишкекке Иркутск шаарынан кошумча авиакаттам ачылды

Ушул жылдын октябрынан тарта Иркутск-Бишкек-Иркутск багыты боюнча жаңы туруктуу каттам ачылды.

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кошумча авиакаттамды россиялык компания шаршемби күндөрү аткара баштады.

Эске салсак, аталган багыт боюнча каттамдар буга чейин жумасына эки жолу – шейшемби жана ишемби сайын аткарылып келген.