Кыргызстанда 63 миллион долларга 6 инвестициялык долбоорду ишке ашыруу пландалууда.
Бул тууралуу Инвестиция жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин бөлүм жетекчиси
Толкунай Таалайбекова билдирди. Анын айтымында, долбоорлордун ишке ашышы менен
кошумча 1 миң 350 жумуш орду түзүлөт. Андан тышкары, дагы 190 миллион сомго 11
долбоорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Учурда аталган долбоордун алкагында
тиешелүү иштер жүрүп жатат.