“Камбат-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого Өзбекстан жана Казакстан дагы катышууда

“Камбат-Ата-1” ГЭСинин техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого Өзбекстан жана Казакстан дагы катышууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине президент Садыр Жапаров билдирди.

 

Анын айтымында, документти даярдоого   2 жылдай талап кылынат. Андан кийин курулуш иштер башталат. Эске салсак, “Камбар-Ата-1” ГЭСи эң ири энергетикалык долбоор. Ал Жалал-Абад облусунда жайгашып, курулушуна дээрлик 500 миллион доллар талап кылынат.