Apple айрым смартфондорун чыгарууну токтотту

Apple айрым смартфондорун чыгарууну токтотту. Кеп, iPhone XR жана 11 Pro тууралуу болуп жатат. Компаниядан белгилешкендей, аталган үлгүлөр жаңы смартфондорго мүнөздөмөсүнөн төмөн турат. Андан тышкары, жаңы тартууланган телефондордун сатууларын жогорулатуу керек.

 

Эске салсак, 15-октябрда Apple iPhone 12, 12 Pro жана SE үлгүсүндөгү смартфондорун тартуулады. Алардын баасы 70 миң сомдон башталып, 120 миңге жетет.