Маршруттук таксилерде жол кире тарифин өзгөртүү боюнча чечимди Бишкек шаардык кеңеши кабыл алат. Бул тууралуу ордо калаа вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.
Анын айтымында, бул суроо этап менен жана мыйзам чегинде каралышы керек. Долбоор атайын экспертизадан өтүп, атайын комиссия чечим чыгарышы зарыл. Жүргүнчү ташуучулар 1 жума аралыгында сметалык эсептерин шаардык транспорт башкармалыгына өткөрүп берет.
Эске салсак, ордо калаада маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени 15-20 сомго көтөрүүнү талап кылышууда.