Кыргызстандыктардын каржы кирешеси көбөйдү

Кыргызстандыктардын каржы кирешеси көбөйдү.

Улуттук статистика комитетинен билдиришкендей, 2021-жылдын январынан

сентябрына чейин калктын кирешеси 397 миллиард сомду түздү. Бул сумма

2020-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга көп. Ал эми

республика боюнча милдеттүү төлөмдөрдү эсепке албаганда, адам башына

болгон колдогу акчалай киреше, айына 6,5 миң сомду түзүп, өткөн жылга

салыштырмалуу 18,5 пайызга өстү. Белгилеп кетсек, өлкө калкы

кирешесинин басымдуу бөлүгүн эмгек ишмердиги үчүн алат