Бишкектеги башаламандыкта жараат алган адам комадан чыкты.
Бул тууралуу саламаттыкты актоо министрлиги билдирет.
Жараат алган адамдын ден-соолугунда динамикалуу жакшыруу бар,
бүгүн ал нейротравматология бөлүмүнө которулду. Учурда андан башка дагы
8 адам медициналык мекемелерде калыбына келтирилип жатат.
Бардыгынын абалы туруктуу деп бааланууда. Эске салсак, 6-октябрдагы
башаламандыкта жалпысынан 1 миң 250 жабырлануучу медициналык жардамга кайрылган.
279у ооруканага жаткырылса, калганы амбулатордук дарыланууга жиберилген.