Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 13 учур катталды. Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.
Анын айтымында, жаңы жуккандар Бишкекте бирөө, Нарын облусунда үчөө, Ысык-Көл облусунда экөө, Чүй облусунда бирөө, Ош облусунда бешөө жана Жалал-Абад облусунда бирөө. Ошону менен бул илдетке чалдыккан кыргызстандыктардын саны 107ге жетти.