Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркагандардын абалы туруктуу. Саламаттыкты сактоо министрлигинен 24 агенттигине билдиришкендей, ок жараатын алган аскер кызматкерине медициналык жардам көрсөтүлдү, ал эми жергиликтүү тургунга операция жасалды.

 

Абалы орто оор деп бааланат. Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасынын Баткен облусуна караштуу тилкесинде атышуу катталды. 1 жай тургун жана чек ара кызматкери жабыркады.

 

Окуянын чоо-жайы такталууда.