Карим Бензема УЕФА версиясы боюнча сезондун мыкты футболчусу деп аталды

Карим Бензема УЕФА версиясы боюнча сезондун мыкты футболчусу деп аталды. Өткөн сезондо француз оюнчусу “Реал” менен Чемпиондор лигасын жана Испания чемпионатын утуп алган.

 

Ал Ла Лиганын алкагында 32 беттеште 27 гол киргизип, 12 ийгиликтүү пас берди. Чемпиондор лигасында Бенземанын жеке эсебинде 15 гол бар – муну менен ал өткөн сезондун мыкты бомбардири дагы аталган.