Каттуу жааган жаандан улам Базар-Коргон районунда сел жүрдү.
Өзгөчө кырдаалдар министринен билдиришкендей, ылай аралашкан
сел бүгүн түндө Базар-Корогон – Арсланбап трассасында катталды.
Анын кесепетинен Учаачы аймагынын 3 короосун суу каптады.
Унаалардын кыймылына кыйынчылык жаралып, атайын техниканын
жардамы менен жаратылыш кырсыгынын кесепети жоюлду.
Учурда жолдор толугу менен тазаланды, трасса кыймылга ачык