Катуу суукта спирт ичимдиктери менен жылынуу сунушталбайт

Катуу суукта спирт ичимдиктери менен жылынуу сунушталбайт. РИА Новости медицина кызматкерлерине шилтеме келтирип жазгандай, алгач ичимдик кан тамырларды чоңойтуу жолу менен чынында эле жылытат.

 

Бирок алар кайра ичкергендиктен, адам андан дагы катуу үшүп баштайт. Андыктан, адистер суук түшкөндө чөп, мөмө кошулган ысык чай, компот же ысык шоколад менен жылынууну сунуштайт.