Өлкөгө ушул айда коронавирустан вакцинанын 3 түрү жеткирилет

Өлкөгө ушул айда коронавирустан вакцинанын 3 түрү жеткирилет.

 

Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдиргендей, “Файзер” препаратынын 200 миң дозасы, “Синофармдын” 110 миң дозасы жана “Астра Зенекка” вакцинасынын 50 миң дозасы келет.

 

Ошондой эле айдын башында “Файзерди” сактоого ылайыкталган 4 атайын муздаткыч жеткирилген.