Казак элчиси кыргызстандык ыктыярчыларга ыраазычылык билдирди

Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапил Жошыбаев өз өлкөсүндө тоз-тополоң болгон күндөрү жардам көрсөткөн кыргызстандык ыктыярчыларга жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевге ыраазычылык катын тапшырды.

Элчи башаламандык учурунда 1,5 миңден ашык четте жүргөн казакстандык жарандар ошол күндөрү мекенине Бишкек аркылуу кайтып келгенин, алар Кыргызстанды жөн гана коңшу өлкө эмес, «кыйын кырдаалда жөлөп-таяган боордош мамлекет катары» карап келишкенин белгиледи.

Казакстандагы башаламандык учурунда бир катар кыргызстандык ыктыярчылар менен Бишкектин мэриясы “Манас” эл аралык аэропортуна транзиттик каттамдар менен түшкөн казакстандык жүргүнчүлөргө атайын унаа даярдап, «Ак-Жол» чек ара бекетине бекер жеткиришкен. Түн бир оокумда келип конгон коңшу өлкөнүн жарандары Бишкекте мейманканага жайгаштырылып, ысык тамак-аш менен камсыздалган.

Казакстанга гуманитардык жардам жөнөткөн кыргызстандыктар да болгон.

 

Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер менен башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Тополоңдо жалпы 225 адам өлгөнү аныкталды. 10 миңдей адам кармалганы кабарланган, 700дөй кылмыш иши козголду.