Вакцинанын үчүнчү дозасы омикронго каршы антителолордун деңгээлин калыптандырат

Вакцинанын эки дозасы мурдагыдай эле омикрон штаммы тарабынан козголгон оорунун оор түрдө өтүшүнөн сактайт. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

 

АКШ жана башка өлкөлөрдүн алдын ала изилдөөлөрү көрсөткөндөй, вирустан сактоо үчүнчү доза менен жакшырат. Үчүнчү доза омикронго каршы антителолордун деңгээлин калыптандырат, аны коронавирустун башка штаммдарына каршы эки дозадан кийин пайда болгону менен салыштырууга болот.