Ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи 15% төмөндөтүлөт

Президент Садыр Жапаров «Ишкердик субъекттер үчүн жагымдуу салык чөйрөсүн түзүү жана камсыздандырылган адамдардын мамлекеттик социалдык камсыздоого кызыкчылыгын жогорулатуу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Президенттин сайтындагы маалыматта ишкерлерге дем берүүгө жана колдоого өзгөчө көңүл бурулуп жактаны белгиленет. Ошого карабай, көптөгөн ишкер расмий эмес сектордо иштөөсүн улантып жатканы, бул өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана инновациялык потенциалын өнүктүрүүгө тоскоолдуктарды жаратып жатканы айтылат.

 

«Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин колдонуудагы ставкасы бизнестин өкүлдөрү туш болгон эң курч проблемалардын бири болуп саналат. Иш берүүчү төлөгөн социалдык чегерүүлөр салыктык чегерүүлөрдүн суммасынан олуттуу ашат, муну менен кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмдөрүн төмөндөтүү үчүн негиздер түзүлүп жатат жана ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымсыз экономикалык чөйрөнүн келип чыгуусуна түрткү болууда».

Жарлыкка ылайык, министрлер кабинети ишкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн ставкасын 27,25 пайыздан 12,25 пайызга чейин төмөндөтүүнү караган мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырылды.

Ага төмөнкү ишкердиктин түрлөрү кирбейт:

 

-бюджеттик уюмдарды жана жогорку кирешелүү тармактарды (пайдалуу кендерди казып алууну; электр энергиясы, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыз кылууну (жабдууну); маалыматты жана байланышты; акциздик товарларды (алкоголдук, тамеки буюмдары жана күйүүчү-майлоочу материалдар) сатууну; коммерциялык банктарды, адистештирилген финансы-кредиттик же кредиттик мекемелерди).

Мындан тышкары, кызматкерлерге төлөнгөн эмгек акыны жашырганы үчүн иш берүүчүлөр жоопкерчиликке тартылат. Салык салуу максатында эмгек акыны белгилөө жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөө боюнча жаңы талаптар аныкталат.

Республикалык бюджетке киреше салыгынан чегерүүлөрдүн ченеми белгиленип, Социалдык фондго кошумча мүлктөрү бар-жоктугу каралат.