БШК партиялардын күрөө акысы менен эмне кылуу керектигин чече элек

БШК партиялардын күрөө акысы менен эмне кылуу керектигин чече элек. Бул тууралуу Боршайком төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди. Анын айтымында, добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылган учурда партияларга акчасын кайтаруу мыйзамда каралган эмес.

 

Андыктан, бул маселени чечүү Жогорку Кеңеш депутаттарына чечүү сунушталды. Эске салсак, парламенттик шайлоолор 4-октябрда өткөн.

 

Бирок анын жыйынтыгына нааразы болгондор башаламандыктарды уюштуруп, добуш берүү жокко чыгарылды. Андан соң, өлкөдө дээрлик толугу менен бийлик алмашты.