Бүгүн Бишкектин бир катар аймагында суу өчүрүлөт

Бүгүн, 10-майда Бишкектин бир катар аймагында суу убактылуу өчүрүлөт.

 

Мэриянын маалыматына караганда, саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Киев – Абдрахманов – Шопоков – Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт.

Бул убакытта диаметри 150 мм болгон шаардык суу түтүктөрү оңдолот.