Жалал-Абаддын мэрин шайлоо башка күнгө калды

Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо башка күнгө которулду. Шаар башчысын шайлоо бүгүн, 17-ноябрда өтмөк. Кечээкиге белгиленген шайлоо жалгыз талапкер катары катталган Эрнисбек Ормоковдун ден соолугуна байланыштуу болбой калганын «Азаттык» радиосуна Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы Адил Жоробаев билдирди.

 

Борбордук шайлоо комиссиясы Ормоков шайлоого катышуудан баш тартып, өзү арыз жазып бергенинен шайлоо болбогонун маалымдады.

Ормоков быйыл 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоого Жогорку Кеңештин депутаттыгына «Мекенчил» партиясынан талапкер катары катышкан.

Мыйзам боюнча мэрди шаардык кеңеш шайлайт. Кийинки шайлоо 15 күн аралыгында кайрадан өтүшү керек.

 

Быйыл 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылардын митинги башаламандык менен уланып, өлкөдө бийлик алмашкан. Айрым район-шаарлардын жана мекемелердин жетекчилери кызматын тапшырып, жаңылар дайындалган. Жалал-Абад шаарынын мурдагы мэри Мураталы Тагаев да ошол күндөрү кызматтан кеткен.