Контролдук эл каттоо 2-майга чейин жүргүзүлөт.
Улуттук сстатистика комитетинен эскертишкендей, Кыргызстандын алыскы аймактарында эл жана турак жай фондун каттоо 23-апрелде башталат.
Маалыматка ылайык, ошол эле учурда биринчи этапта кандайдыр бир себептер менен каттоодон өтпөй калгандар үчүн н контролдук каттоо өткөрүлөт.
Белгилеп кетсек, 1216 номери каттоодон өтпөй калгандардын арызын кабыл алууну улантууда.