Ордо калаадагы калкты тейлөө борборлорунда балдары 1-класска жана бала-бакчага бара турган ата-энелер кезексиз кабыл алынат.
Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ар бир калкты тейлөө кызматында ата-энелерди кабыл алуу үчүн бирден кызматкер бөлүндү.
Анын алкагында, аталган борбор кезекте турган акыркы кардарга чейин тейлей турганы белгиленди.