Коронавирус боюнча кеп-кеңеш берген 118 кызматы күнү-түнү иштей баштады

Коронавирус боюнча кеп-кеңеш берген 118 кызматы күнү-түнү иштей баштады.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бир сутка ичинде аталган кызматка 1 миң 961 адам кайрылган.

«Жарандар телефон аркылуу медициналык кеп-кеңештерди алып, саламаттыгы боюнча

атайын даярдалган анкетаны толтурууда. 118 кыска номерине: акыркы 30 күндө чет жакта

болуп келген жарандар, эпидемиологиялык абал курч болгон аймакта болгондор, обсервация же

үй карантининде болгондор жана оорунун белгилери байкалган адамдар кайрыла алат.

Кайрылган жаранда коронавируска байланышкан белгилер байкалса мобилдик

топ жерине барып, ал адамдан анализ алат. Бардык кызматтар бекер.