Коронавируска каршы вакцина Кыргызстанга жетиштүү көлөмдө келе элек

Коронавируска каршы вакцина Кыргызстанга жетиштүү көлөмдө келе элек.

Буга байланыштуу аймактардагы жашоочулардын баары ала албай жатышат, — деди

Республикалык эмдөө борборунун башкы адиси Азим Кыргызбаев. Анын айтымында,

өлкө боюнча вакцина өз убагы менен жеткирилүүдө. Препараттын аздыгына

байланыштуу өлкө боюнча 137 эле пункт ачылган. Ири шаарларда препараттардын

биринчи дозасы түгөнүп, алыскы аймактарда эле калды. Эмдөөдөн биринчи кезекте дарыгер,

медицина кызматкерлери жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү алат. Вакцинация

үчүн өлкөгө 190 миң доза препарат жеткирилген. Аны 88 миң адам алды.