Кыргызстанда февралда күйүүчү майдын баасы жогорулайт

Кыргызстанда февралда күйүүчү майдын баасы жогорулайт. Мунай ташуучулар ассоциациясынан билдиришкендей, кеп бензин жана дизелдик отун тууралуу болуп жатат. Баалардын көтөрүлүшү россия рыногунда күйүүчү-майдын дүң баасы кымбаттаганына байланыштуу.

 

Алсак, бензин тоннасына 92 долларга кымбаттаса, дизелдик отун – 25 долларга наркын жогорулатты. Бул абалды эске алуу менен республика аймагында дагы күйүүчү майдын кымбатташы күтүлүүдө. Белгилеп кетсек, олкөнүн түштүгүндө ушул айдын аягында жазгы талаа иштери башталат.