Түркиядагы Кыргыз диаспорасы өлкөгө 15 кычкылтек концентраторун жиберди.
Мамлекеттик миграция кызматынан билдиришкендей, медициналык жабдуулардын
жалпы баасы 410 миң сомду түзөт. Концентраторлор Чүй жана Ысык-Көл облустук жана
Бишкектеги медицина мекемелерине бөлүштүрүлдү. Мындан тышкары
13 миң долларлык суроо-талап жогору болгон препараттар да келди.
Дары-дармектер аймактарга жиберилет.