Кыргызстанда социалдык мекемелерде тамактанууга чыгымдарды көбөйтүү сунушталды. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, өкмөттүн 2008-жылы кабыл алынган токтом долбоору бир эле жолу өзгөртүлгөн – 2014-жвлв тамактануу нормасы чоңдор үчүн 100 сомго, балдар үчүн 110 сомго жеткирилген.
Ведомстводон белгилешкендей, бүгүнкү күндө азык-түлүктүн баасы кескин кымбаттагандыктан, документ актуалдуулугун жоготту. Андыктан, чиновниктер тамактанууга чыгымдарды 100 пайызга көтөрүүнү сунуштады.