Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздукту 11 миңден ашык милиция камсыздайт

Эгемендүүлүк күнүндө коопсуздукту өлкө боюнча 11 миңден ашык милиция камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, ИИМдин өздүк курамы 30-августтан 1-сентябрга чейин коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоо, укук бузуулардын, кылмыштуулуктун алдын алуу максатында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп баштайт.