Сириянын түндүк-чыгышындагы лагерден кыргызстандын 95 жараны алынып келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 31 аялдар, 64ү жашы жете элек балдар. Бул иш-чарага АКШнын өкмөтү баштаган эл аралык уюмдар көмөктөшкөн.
Эске салсак, ушул жылдын башында Кыргызстанга Сириядан 18 аял жана 41 бала атайын борт менен алынып келген.
УКМКнын 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 800дөн ашык жаран кеткен.