Ошто ири тигүү фабрикасынын курулушунун биринчи этабы соңуна чыгууда

Ошто ири тигүү фабрикасынын курулушунун биринчи этабы соңуна чыгууда.

 

Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, объект 3 этапка бөлүнгөн. Учурда Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду тарабынан каржылоо күтүлүүдө.

 

Каражатка тиешелүү чет элдик жабдуулар сатылып алынат. Алгачкы бөлүгү Япония жана Германиядан сентябрдын аягына чейин жеткирилет.

 

Ошол убакытка долбоордун биринчи этабын ишке киргизүү пландалууда. Фабрика ишке кирген соң, 7 миңден ашык адам жаңы жумуш орду менен камсыздалат, — дешти мэриядан.