Россия Кыргызстанга дагы 24 мугалим жиберүүгө даяр

Россия Кыргызстанга дагы 24 мугалим жиберүүгө даяр.

Бул тууралуу Россиянын агартуу министри Сергей Кравцов билдирди.

Анын айтымында, муну менен Кыргызстанда иштеп даткан россиялык

мугалимдердин саны 54кө көбөйөт. Белгилееп кетсек, Кыргызстанда

2019-20-окуу жылында атайын долбоор ишке ашып, алгач 17 мугалим келген.

Былтыр алардын саны 30га жеткен. Педагогдор Ош аймагына орус тили жана

адабияты, математика предметтери боюнча билим берип,

башталгыч класстын окуучуларына сабак өтүшүүдө.