Кайрат Иманалиев маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды

Кайрат Иманалиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Иманалиевди эмгек жамаатка Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

9-мартта президент Садыр Жапаров Кайрат Иманалиевди Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) башкы директору кызматынан «башка ишке өткөнүнө байланыштуу» деген себеп менен кызматтан алган. Ал УТРКнын жетекчиси болуп былтыр июнда дайындалган.

Ал 2019-жылы ушул эле министрликтин орун басары, 2021-жылы министр кызматын аркалаган.