Бүгүн күн менен түн теңелет

Бүгүн күн менен түн теңелет. Эми жарык күндүн дагы түндүн дагы узактыгы бирдей – 12 сааттан болот. Бул астрономиялык чыныгы жаз келди дегенди түшүндүрөт. Жаздын келишин даңазалаган Нооруз майрамын перс жана түрк элдери белгилейт.

 

Бүгүнкү күндө Нооруз Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда майрамдалат. Эртең ири иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлөт.