Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат

Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол көзөмөл-өткөрүү түйүнү убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Пункт аркылуу транспорт жана адамдар бүгүн күндүзгү саат 3төн кечки 6га чейин өткөрүлбөйт.

 

Бул аралыкта тышкы миграцияны каттоонун бирдиктүү системасынын техникалык базасын жаңыртуу иш-чаралары жүргүзүлөт.

 

Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрүү түйүндөрү кадимки тартипте иштейт.