Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү түйүндөрүнүн иш тартиби өзгөрдү

Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү түйүндөрүнүн иш тартиби өзгөрдү.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, кеп, «Ак тилек», «Чалдыбар», «Ак жол»,

«Чоң-Капка» жана “Каркыра” посттору тууралуу болуп жатат. Аталган пункттарда

Кыргызстандын жана чет өлкөлүк жарандарга Казакстандын аймагына кирүүгө

чектөө коюлду. Бирок коңшу өлкөнүн аймагында убактылуу жүргөн

Кыргызстандыктар түйүндөр аркылуу кирип, биздеги казакстандыктар

чыга алышат. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга эч кандай чектөөлөр жок.