Кыргызстанда коронавируска каршы 5 миллион доза вакцина бар.
Ал 2, 3 жылга чейин жетет, — деп билдирди саламаттыякты сактоо министри
Алымкадыр Бейшеналиев. Анын айтымында, учурда өлкөдө вакцинанын
7 түрү бар. Алардын натыйжалуулугу дагы ар башка. Андан улам, эмдөөдөн
өткөн жаран алгачкы вакцинациянын курсунан толук өткөндөн кийин 6 айдан
соң бустердик дозаны алышы зарыл. Бүгүнкү күндө пландалган калктын
70 пайызы эмдөөдөн өтөт элек. Болгону калктын 55 пайызы гана биринчи дозаны алды.