Кыргызстандын чек арасынан ID-карт менен өтүүгө 1-марттан тарта убактылуу тыюу салынды

Кыргызстандын чек арасынан ID-карт менен өтүүгө 1-марттан тарта убактылуу тыюу салынды. Мындай чара жарандардын коопсуздугун сактоо жана чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү максатында киргизилгенин өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

 

Буга чейин эпидемиологиялык кырдаал начар болгон өлкөлөрдөн Москвага келгенин жашырып, мамлекеттик чек арадан ID-карта менен өтүүгө аракет жасаган кыргызстандыктар аныкталды. Алардын бардыгы карантинге алынды. Ошондой эле кыргызстандыктарга эл көп чогулган жерлерден оолак болуу жана жеке гигиенаны сактоо сунушталат.