Кыргыз-кытай чек арасындагы «Торугарт» өткөрүү пунктун модернизациялоо аяктады

Үстбүздөгү жылы 11-13-июлда мамлекеттик чек аранын кыргыз-кытай тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» автомобиль өткөрүү пунктунун бажы инфраструктурасынын элементтерин материалдык-техникалык жактан жабдылышына жана жайгаштыруусуна мониторинг жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, текшерүү ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда КР Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлдү.

 

Мониторинг Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосундагы техникалык көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасы тарабынан алынган милдеттенмелердин алкагында өттү.

 

Анын жыйынтыгы көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасынын ЕАЭБге кирүүсүнүн алкагында каралган «Торугарт» автомобиль өткөрүү пунктунун бажы инфраструктурасын модернизациялоо боюнча иш-чаралар толугу менен аткарылды.

 

Комиссия жабдуулар жана контролдоо системалары орнотулганын жана иштеп жатканын белгиледи. Бажы органдарынын кызмат адамдары бажы контролунун техникалык каражаттарын эксплуатациялоонун жана колдонуунун негиздери боюнча окутулган жана зарыл билимдерге жана компетенцияга ээ.

Ал эми 13-июлунда Бажы кызматынын Борбордук аппаратынын имаратында ЕЭКтин Бажы кызматташтыгы боюнча министри Э.Т.Алишеровдун, ЕЭКтин Бажы инфраструктурасы департаментинин директору Д.Ш.Иманалиевдин жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары А.А.Салиевдин катышуусунда жолугушуу өтүп, жыйынтыгында «Торугарт» автомобиль өткөрүү пунктунун бажы инфраструктурасына мониторинг жүргүзүү жөнүндө» отчетко кол коюлду.