Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн консулдук кызматтарды көрсөтүү электрондук форматка өткөрүлөт

Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар үчүн консулдук кызматтарды көрсөтүү электрондук форматка өткөрүлөт. Мамлекеттик каттоо кызматы Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте IT-долбоордун планын түздү.

 

Жаңычылдыктын максаты — автоматташтырылган маалыматтык системаны иштеп чыгып, чет өлкөдөгү жарандар түрдүү документтерди тез арада алышына шарт түзүү. Бул система ишке киргенден кийин арыздар онлайн түрүндө тийиштүү мамлекеттик органдарга жетет. Муну менен кызмат көрсөтүүлөрдүн мөөнөтү кыскартылат.