Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. Түн тынч өттү, — дешти УКМКнын Чек ара кызматынан.

 

Буга чейин жетишилген макулдашууларга ылайык, эки тарап чек ара тилкесинен куралдуу күчтөрүн туруктуу жайгашуу жерлерине алып кетти. Укук коргоо органдары чек арачылар менен биргеликте аймакта көзөмөл жүргүзүүдө.

 

Эске салсак, кечээ кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Буга Баткендин Булак-Башы жергесинин такталбаган тилкесинде тажик чек ара отрядынын жүргөнү себеп болгон.

 

Алар кыргыз тараптын аймактан чыгып кетүү талабын аткарбай, курал колдонду. Жооп катары Кыргызстандын чек арачылары да ок чыгарган.