Орус-казак чек арасында 157 кыргызстандык жаран өтө албай кармалып турат.
Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, Россиянын «Сагарчин»
өткөрмө бекетинде топтолуп турган кыргызстандыктардын абалы
элчиликтин жана Оренбургдагы консулдуктун көзөмөлүндө.
Аларга тамак-аш уюштурулуп берилип жатат. Ведомстводон белгилешкендей,
алар өлкөгө Россиядан унаа менен Казакстан аркылуу келүүнү көздөшкөн.
Бирок коронавирус коркунучуна байланыштуу орус-казак чек арасында каттам
16-мартта токтогон. Мындан улам Россиядагы кыргыз жарандарына
аталган чек ара тарапка баруудан баш тартуу сунушталат.