Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча штаб түзүлдү

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча штаб түзүлдү. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, анда бардык мекеме, күч түзүмдөрдүн өкүлдөрү жана жетекчилери бар.

 

Ошондой эле куралдуу кагылышка байланыштуу атайын комиссия түзүлөт. Атайын кызматтын башчысы кошумчалагандай, учурда мамлекеттик чек арадагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бүгүн тажик тарап менен жолугушуу өтөт.