Баткенде жарыксыз калган 7 айылга “Ошэлектро” ишканасы тиешелүү органдардан уруксат алаары менен электр жарыгын калыбына келтирет

Баткенде жарыксыз калган 7 айылга “Ошэлектро” ишканасы тиешелүү органдардан уруксат алаары менен электр жарыгын калыбына келтирет. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, оңдоо бригадалары кырдаалды жөнгө салууга даяр жана бул үчүн бардык керектүү ресурстар бар.

 

Эске салсак, Тажикстан менен чек арадагы жаңжал учурунда Аксай, Актатыр, Жаңы-Бак, Көк-Таш, Көк-Терек Таш-Тумшук жана Ортобоз конуштарында жалпысынан 1 миң 402 абоненттин электр жарыгы өчүрүлдү. Буга аймактагы ок атуунун кесепетинен Самаркандек көмөк чордонунун линиясы бузулганы себеп болду.