«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы коррупциялык схема аныкталып, 4 киши кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин коррупцияга каршы күрөшүү кызматы «Кыргыз темир жолу» улуттук компаниясы» мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык схеманы аныктады. Бул ишке тиешеси бар делинип 4 киши кармалганын мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

«Мамлекеттик ишкананын мурдагы жана азыркы жооптуу адамдары мамлекеттик сатып алууда бааларды атайылап жогорулатышкан. Келишимге ылайык, бөлүнгөн акчанын 15 проценти ишкананын мурдагы жетекчилигине түшүп турган.

 

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө Эсептөө палатасынын соттук-медициналык экспертизасынын жана аудитинин натыйжасында, айрым бир мамлекеттик сатып алуулардан эле мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилгени белгилүү болду.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат», — дешти маалымат кызматынан.