Кыргыз-Түрк достугунун ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады

Кыргыз-Түрк достугунун ооруканасы бейтаптарды кабыл ала баштады. Бул тууралуу бүгүнкү брифингде Нурболот Үсөнбаев билдирди.

 

«Ооруканага орточо оор адамдарды жаткыра баштадык. Ал жерге 70 койка дайындалып, учурда оорукана бейтаптарды кабыл алып жатат», — деп билдирди.