Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоого байланыштуу сүйлөшүүлөр болот

Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоогө байланыштуу 12-18-фералда күндөрү сүйлөшүүлөр өтөрүн «Азаттыкка» ырастады.

Мунун алдында айрым өзбек басылмалары өлкөнүн тышкы иштер министри Бахромжон Алоевге шилтеме кылып эки өлкөнүн жумушчу топтору сүйлөшүп жатканын жазган.

Ошондой эле 2023-жылдагы жолгушуулардын жадыбалы бекигени тууралуу маалымат болгон.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өткөн айдын аягында Бишкеке мамлекеттик сапар менен келгенде эки өлкө чек арасын делимитациялоо жараяны аяктаганын билдирген.

Анда тараптар чек аранын айрым тилкелери тууралуу келишимди ратификациялоо грамоталарын алмашуу жөнүндө протоколго кол коюшкан.

Анын алдында кыргыз-өзбек чек арасынын айрым участоктору жөнүндөгү келишимди жана Кемпир-Абад (Анжиян) суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндөгү макулдашууну ратификациялоо тууралуу эки мыйзамга Кыргызстан да, Өзбекстан да кол коюп, ратификациялап бүткөн.