Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун ТЭОсу жайга чейин бүткөрүлөт

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун техникалык-экономикалык негиздемеси жайга чейин бүткөрүлөт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев менен Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэндин жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушууда аталган курулуш эки өлкө үчүн маанилүү транспорттук долбоор экени белгиленди.

Бул багытта 2023-жылдын июнь айына чейин керектүү талаа изилдөөлөрүн бүтүрүп, техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгышыбыз керек, — деди Төрөбаев.