Кара-Суу шаарында социалдык дарыкана ачылды.
Дары каражаттары департаментинен билдиришкендей,
андан 1 жана 2-тайпадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүгү
чектелген жарандар 25 пайыздык жана 3-тайпадагылар
15 пайыздык арзандатуу менен медицина каражаттарын ала алышат.
Андан тышкары, бул жерден пенсионерлер жана башка
кыргызстандыктар 10 пайыздык арзан баадагы препараттарды алса болот.